Вакцинага кезек көбөйүп, кошумча эмдөө пунктулары ачылды

28-апрелге карата өлкөдө коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 20 миңге жетти. Алардын 606сы экинчи дозасын алууга жетишти.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкекте Россиянын "Спутник V" вакцинасы пайдаланылып жаткан эмдөө пунктуларында кезек пайда болгондуктан кошумча пунктулар ачылды. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маалымдады.
Анын айтымында, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тиешелүү тармактарынын адистери эмдөө жайларын жеринен көрүп келишкен.
"Бүгүн биз вакцина сайылып жаткан пунктуларды кыдырдык. "Спутник V" вакцинасы колдонулуп жаткан үч жерде азыраак кезек бар экен. Ошол себептүү кошумча пунктулар ачылып, республика боюнча алардын саны 88ге жетти. Андан тышкары, 65 мобилдик бригада бар", — деди Ишенапысова.
28-апрелге карата өлкөдө коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 20 миңге жетти. Алардын 606сы экинчи дозасын алууга жетишкен.