Өткөн суткада 322 киши COVID жуктуруп, үч киши каза болду. Статистика

Пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 94 599га жетип, 88 658и ооруну жеңип чыгышты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 322 кишиден табылса, дарыланып жаткан үч адам каза болуп калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Көз жумгандардын экөө Бишкек шаарынын тургундары болсо, бири Чүй облусунда жашаган. Пандемия башталгандан бери COVID-19 алып кеткендердин расмий саны 1 592 адамга жетти.
Жуктургандар:
Сакайып кеткендер:
Пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 94 599га жетип, 88 658и ооруну жеңип чыгышты.
Учурда стационарда дарыланууда жаткан 1 419 бейтаптын ичинен 338 бейтап оор, 68 бейтап өтө оор абалда экени айтылууда.