БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагында кыргыз жана тажик тараптын ортосунда пикир келишпестик келип чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Электр чубалгылары тартылган мамылар суу ресурстары боюнча райондук башкармалыкка тиешелүү жана "Головной" деп аталган суу таратуучу пункттун аймагына жарык берүү үчүн орнотулган. Жерине Кыргызстандын аскерлери барып, эки тараптан тең эл чогулган.
Маалыматка караганда, ушул тапта кырдаал салыштырмалуу турукташты.
"Окуя түштөн кийин башталды. Азыр эл таш ыргытуусун токтотту. Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара райондорунун акимдери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат”, — дешти өкүлчүлүктөн.
Буга чейин социалдык тармактарда эл таш ыргытып жаткан видеолор тараган. Жеринде ок атышуулардын угулганы дагы айтылган эле.
Өкүлчүлүк териштирүү иштери бүткөн соң толук маалымат берерин айтты.