БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймагындагы жаңжал тууралуу маалымат берип, бүгүн күндүз болгон тирешүү маалында коңшу өлкөнүн айылдарынын биринде болжол менен аңчылык куралдан ок атуу болгонун билдирди.
Эске салсак, 28-апрель күнү Баткендин кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылындагы мамыларга видеокөзөмөл орнотууну чечкенден соң башталган.
"Головной" деп аталган суу таратуучу пункттун аймагындагы мамыларга тажик тарап көзөмөл камерасын орнотууну чечкен. Экинчи камера коюлуп жатканда Кыргызстандын Чек ара кызматынын жана Баткен облустук милициясынын өкүлдөрү барып, ишти токтотуусун талап кылышкан”, — деп айтлат УКМКнын билдирүүсүндө.
Маалыматка караганда, саат 12:25тер чамасында Тажикстандын Ходжаи Аъло айылында болжол менен аңчылык куралынан ок атылган.
“Кийинчерээк эки өлкөнүн чек арачылары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч органдары менен биргеликте жолугушуу өткөрдү. Кыргызстан көзөмөл камераларын орнотууну токтотууну талап кылды. Бирок тараптар бир пикирге келе алышкан жок”, — деп айтылат билдирүүдө.
Жерине эки тараптан болжол менен 100-150 киши чогулганы айтылат. Алардын тиреши бири-бирине таш ыргытууга чейин жеткен.
“Чек арачылар жаңжалдын курчуп кетишине жол берген жок. Таш ыргытуу учурунда бир кыргызстандык бетинен жаракат алды. Учурда сүйлөшүү иштери уланууда. Эки өлкөнүн чек ара кызматкерлери кагылышууну токтотуп, элди таратууга аракет кылууда”, — деп жазылат кабарда.
Жалпысынан УКМК чек арадагы абалды “чыңалуунун белгилери бар, бирок туруктуу” деп баалап жатат.