Кара-Суу районунда дагы бир калкты тейлөө борбору ачылат

Калкты тейлөөчү имаратты оңдоп-түзөө иштери менен облус жетекчиси Жарасул Абдураимов таанышып чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кара-Суу районунун тургундарына керектүү документтерди алуудагы кезек күтүү көйгөйүн чечүү, ыкчам кызмат көрсөтүү жана тейлөө сапатын жакшыртуу максатында заманбап калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 3
Кара-Суу районунун тургундарына керектүү документтерди алуудагы кезек күтүү көйгөйүн чечүү, ыкчам кызмат көрсөтүү жана тейлөө сапатын жакшыртуу максатында заманбап калкты тейлөө борбору ачылат
2 / 3
Ал үчүн райондун карамагындагы "Кыргызтелеком" ишканасынын эски имараты алынганы айтылат
3 / 3
Оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан имарат менен облус жетекчиси Жарасул Абдураимов таанышкан.
Ал үчүн райондун карамагындагы "Кыргызтелеком" ишканасынын эски имараты алынганы айтылат. Оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан имарат менен облус жетекчиси Жарасул Абдураимов таанышкан.
Аталган мекеме май айынын башында ишке кирип, жергиликтүү тургундарга кызмат көрсөтө баштайт.