ЕАЭБде жалпы газ рыногун түзүү боюнча келишим долбоору даярдалды

Михаил Мясниковичтин айтымында, документ биримдикке мүчө өлкөлөргө жөнөтүлдү, бирок макулдашууга кол 2022-жылы коюлары күтүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россия Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөр жалпы газ рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимди даярдап, документти Евразия экономикалык комиссиясына жөнөттү. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичке шилтеме берип комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.
Мясниковичтин айтымында, документ биримдикке мүчө өлкөлөргө жөнөтүлдү, бирок макулдашууга кол 2022-жылы коюлары күтүлүп жатат.
ЕАЭБ бир катар товарларды июндун соңуна чейин пошлинасыз ташууга уруксат берди
Эске салсак, 2016-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жалпы газ рыногун түзүү концепциясын бекиткен. Документке ылайык, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия 2025-жылы жалпы газ рыногун түзүүгө тийиш.
Жалпы газ рыногу сырьёнун бул түрүн сатуу эрежелерин бир беткей кылууну, жалпы рынокто баа жана тарифтик саясатты түзүүгө бирдиктүү жолдорду ишке ашыруу жана газ тармагын жөнгө салуучу мамлекеттердин мыйзамдарын, ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагында жайгашкан газ жеткирүү тутумдарына жетүүнүн бирдиктүү эрежелерин шайкеш келтирүүнү талап кылат.