Бишкек жана Чүйдө жашагандар кайсы бейтапканалардан вакцина алат? Тизме

Министрликтен билдиришкендей, вакцина алуу үчүн сөзсүз аталган медициналык мекемелердин биринде каттоодо туруунун зарылдыгы жок.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бардыгы болуп коронавируска каршы эмдөө жүргүзүүчү 76 пункт ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Ал эми бишкектиктер менен Чүй облусунун тургундары вакцина алуу үчүн 10 пунктка кайрыла алат. Алар:
Вакцина ташуу үчүн Кыргызстанга 8 автоунаа берилди. Сүрөт
Мындан тышкары, эмдөөгө Кытайдын Sinopharm вакцинасы колдонулууда.
Министрликтен билдиришкендей, вакцина алуу үчүн сөзсүз аталган медициналык мекемелердин биринде каттоодо туруунун зарылдыгы жок. Ошондой эле Чүйдүн тургундары борбор калаадагы эмдөө борборлоруна кайрылууга укуктуу. Болгону паспортту алып барышы керек. Анткени жаранды эмделгендердин бирдиктүү реестрине каттоого алуу үчүн анын докумети талап кылынат.