Бишкекте Калашников автоматын алып жүргөн пранкер кармалды. Сүрөт

С.А. тартип сакчыларга блогер экенин айтып, соцтармактарга курал-жарак менен байланышкан видеороликтерди жарыялап келерин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Борбор калаанын криминалдык милициясынын ыкчам кызматкерлери курал көтөрүп жүргөн пранкерди кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.
1 / 3
Борбор калаанын криминалдык милициясынын ыкчам кызматкерлери курал көтөрүп жүргөн пранкерди кармады
2 / 3
Соцтармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында, А. аттуу киши кара бет кап кийип Калашниковго окшош автомат жана үлгүсү белгисиз тапанча менен ок чыгарып жаткан видео аныкталган
3 / 3
Факты Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси ("Куралды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.
Соцтармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында, А. аттуу киши кара бет кап кийип Калашниковго окшош автомат жана үлгүсү белгисиз тапанча менен ок чыгарып жаткан видео аныкталган.
Факты Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси ("Куралды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.
"Бишкек шаарынын Сухэ-Батор көчөсүнөн А. аттуу кишиге таандык "01KG ТILEK" деген номер тагылган Infiniti үлгүсүндөгү унаа кармалган. Машинаны тинтүү учурунда багаждан 28 жаштагы С.А. деген адамга таандык куралдар табылган. Териштире келгенде ал куралдарга үч жылдык мөөнөт менен уруксат лицензиясы берилгени аныкталды. С.А. жашаган үй дагы тинтүүгө алынган. Натыйжада уктоочу бөлмөсүнөн Калашников автоматы, 120 даана ок табылды", — деп айтылат маалыматта.
Алынган курал-жарак боюнча тийиштүү экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына жараша С.А. аттуу жарандын аракеттерине юридикалык баа берилет.
С.А. тартип сакчыларга блогер экенин айтып, соцтармактарга курал-жарак менен байланышкан видеороликтерди жарыялап келерин билдирген. Учурда тергөө амалдары уланып жатат. С.А. суракка келип туруу боюнча милдеттеме менен коё берилген.