БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Күндүн табы Бишкекте +31…+33, Ош шаарында +32…+34 градус болот.
Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.