БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков аталган өлкөдө кыргыз жарандарынын массалык түрдө текшерилип жатканына тынчсызданууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Дипломат Тажистандын тышкы иштер министринин орун басары Музаффар Хусейнзода менен жолугушкан. Элчи ушул жылдын март айынан бери Лахш районунда кыргыз жарандарынын паспорттору массалык түрдө текшерилип жаткандыгы боюнча даттануулар бар экенин айтты. Рустенбеков берген маалыматка караганда, сөз болуп жаткан аралыкта 207 адам кайрылып, кыргыз жарандыгынан чыгуу боюнча консультация алган.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечилбеген аймактарын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын ишин активдештирүү боюнча сүйлөштү.
Sputnik Таджикистан агенттигинин жазганына караганда, Тажикстан ТИМинин өкүлү кыргыз элчисине тажикстандык өспүрүмдөрдүн Кыргызстандын чек арачылары тарабынан сабалды деген маалымат боюнча нота тапшырганын жазды.
Буга чейин Тажикстандын айрым ЖМКлары кыргыз чек арачылары эки тажик окуучусун кармап, ур-токмокко алганын жазып чыгышкан. Кийин Кыргызстандын чек арачылары эки тажик окуучусун сабады деген маалымат чындыкка дал келбесин билдирген.
Эске салсак, 24-апрель күнү социалдык тармакка эки уландын дайынсыз жок болуп жатканы боюнча видео тараган. Анда Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылында жашаган аялдын кыргыз-тажик чек арасына жакын аймакта курулуп жаткан тигүү цехинде иштеген уулу менен анын досу жоголуп кеткенин айтып, ыйлап жатканы тартылган. Кийин алардын Тажикстанга уурдалып кеткени белгилүү болуп, кайра кайтарылган. Мындан улам тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода менен жолугуп, нота тапшырган.