БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев соңку окуялар боюнча маалымат берүү үчүн парламенттин жыйынына да келбей койду.
Депутаттар аны эртең менен чакырышкан. Бүгүн анын маалыматын угуудан сырткары отставкасы да каралмак.
Министрдин мындай кадамы эл өкүлдөрүн нааразы кылды. Депутат Асел Кодуранова Бейшеналиев буга чейин төрт жолу тармактык комитеттин жыйынына келбей койгонун белгиледи.
"Президенттин жакын адамы болсо, анын ишенимин актасын да. Качпай элге маалымат бербейби. Үчүнчү толкун келе жатат дешти эле, болдубу, өтүп кеттиби, билбей калдык", — деди Кодуранова.
Мындан сырткары, бир нече депутат Бейшеналиев уу коргошун ичүүнү сунуштоо менен кыргыз медицинасын бүт дүйнөгө уят кылганын белгилешти.
Ал эми Мирлан Жээнчороев министрди парламентке келбегени үчүн эле эмес, элдин саламаттыгына коркунуч жаратканы, кылмыш жасоого, көп мыйзам бузууга үндөгөнү, кыргыз илиминин аброюн төмөндөткөнү үчүн жумуштан бошотуу керектигин сунуштады.
Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов саламаттык сактоо министри бүгүн Нарында иш сапары менен жүргөнүн белгиледи.