АКШ тарапташтары "Спутник V" вакцинасын алуу туурасында айта баштады

Россиялык "Спутник V" вакцинасын сатып алуу туурасында эми АКШнын НАТО боюнча тарапташтары кеп кыла баштады.
Sputnik
Ушу тапта Германия канцлери Ангела Меркель Берлинде россиялык препартты алуу боюнча айта баштаганы маалым болду. Алар эми Дарылар боюнча европалык агенттиктин вакцинаны каттоосун гана күтүп жатышат. Маселе өмүр, жашоо темасына келгенде саясат артка жылат. Дагы кайсы мамлекеттер "Спутник V" вакцинасын коопсуз деп тааныды? Немецтик-америкалык Pfizer вакцинасына салыштырмалуу россиялык препараттын кыйыр таасири канча? Бул туурасында биз даярдаган видеодон маалымат алсаңыз болот.