БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик ишканасынын аймактык секторунун О.М.А. аттуу башчысы мамлекетке келтирген үч миллион сомдон ашык зыяндын ордун толтурду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде Абхазиядан айдалып келип бажы декларациясынан өтпөгөн кымбат баалуу автоунааларды мыйзамсыз каттоонун коррупциялык схемасы аныкталган. Факт Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча бирдиктүү реестрге сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Кыргызстандын техникалык паспорттору жана мамлекеттик номери берилген эки Lexus GX унаасы катталып, мамлекетке бажы алымдарын төлөөдө 3 миллион сомдон ашык чыгым келтирилгени аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Териштирүү иштеринин натыйжасында "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусундагы О.М.А. аттуу аймактык сектор башчысы кымбат баалуу автоунааларды мыйзамсыз каттоодон өткөргөндүгү белгилүү болгон. Ал мамлекетке келтирген үч миллион сомдон ашык зыяндын ордун толтуруп бергени үчүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп үй камагына чыгарылды.