Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулова көз жумду

Белгилүү драматург 25-апрелде дүйнө салса, эки күн өтпөй жубайы ооруканадан үзүлгөн. Турсункулова өмүр бою Маданият министрлигинде эмгектенип келген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулова көз жумду. Маалыматты Маданият, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен тастыкташты.
"Чоңко эненин" жомогуна канып... Бексултан Жакиев жөнүндө 8 факты
Эске салсак, белгилүү драматург Бексултан Жакиев 85 жашында эки күн мурда, 25-апрелде, дүйнө салган.
Жубайлар 65 жыл бирге өмүр сүрүп, эки уул, бир кыздуу болушкан. Турсункулова Маданияттын мыкты ишмери наамын алган.