Радио

Аскералиева: айыл чарбасында эко, био, органик стандартын колдонуу керек

"Догал" агрохимикаттар жана пестициддер компаниясынын директору, агроном Бактыгүл Аскералиева айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө эко, био, органик үч тепкичтүү стандартын колдонууну сунуштады.
Sputnik
Кыргызстанда башка өлкөлөргө салыштырмалуу өсүмдүк өстүрүүдө химикаттарды аз колдонот. Мындай пикирин Бактыгүл Аскералиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өзүбүздөн чыккан жер семирткичтерди колдонуу аркылуу биологиялык жана экологиялык продукция чыгаруу мүмкүнчүлүгү жогору.
"Бүгүнкү күндө Япония жана Корея айыл чарабасында өздөрүнүн органикалык стандарттарын иштеп чыгышкан. Алардын үч тепкичтүү эко, био жана органик деп аталган стандарттары каралган. Европада, АКШда бир стандарттуу багыт колдонулат. Булардын окшоштуктары абдан көп. Мисалы, Японияда фермерлерге жеңил болсун деп үч деңгээлдеги стандартты карашкан. Мен да Кыргызстандын шартын эске алып, айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө эко, био, органик деген үч тепкичтүү стандартты колдонууну сунуштап келем. Биз башка өлкөлөргө салыштырмалуу химикаттарды аз колдонобуз. Демек, экопродуктунун көлөмүн көбөйтүп, химикатты аз колдонуп биопродукт чыгарышыбыз керек", — деди Аскералиева.
Ошондой эле агроном айыл чарба продукциясынын улуттук стандартын иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады.