Ошто Жеңиш күнүнүн урматына регби боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Турнирди Кыргызстандын Регби федерациясы өткөрөт. Ага Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети көмөк көрсөтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Ош шаарында регби спорту боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Турнирде курамында жети кишиден турган командалардын таймашы белгиленген.
"2-3-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 76 жылдыгына карата Ош шаарында регби-7 спорту боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн командалары катышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Турнирди Кыргызстандын Регби федерациясы өткөрмөкчү. Ага Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети көмөк көрсөтөт.