ӨКМ: Бишкектеги батирде түндө эки жашар бала жалгыз калган

Кошуналар бекилип турган үйдө бала ыйлап жатканын угуп куткаруучуларды чакырышкан. Милиция окуянын чоо-жайын иликтөөдө.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районундагы батирде түндө эки жашар баланы жалгыз калтырып кетишкен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Радио
Бабажанов: өлкөдө полиомиелит менен ооруган бала жок
Куткаруучулар атайын шаймандар менен эшикти ачып, баланы ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ага медициналык жардам керектелген эмес.
Окуянын чоо-жайы укук коргоо органдары тарабынан иликтенүүдө.