Саламаттык сактоо министрлигинен кеткен Нурболот Үсөнбаев жаңы ишке орношту

Министр Алымкадыр Бейшеналиев буга чейинки эки орун басарын кызматтан алган. Алардын бири Фтизиатрия улуттук борборун жетектей баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Нурболот Үсөнбаев Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Саламаттык сактоо министринин эки орун басары дайындалды. Алар кимдер?
Үсөнбаев 2020-жылдын башынан бери саламаттык сактоо министринин орун басары болгон. Ага чейин азыр дайындалган кызмат ордунда иштеп келген.
Эске салсак, министрдин орун басарлары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев 25-мартта кызматтан алынган.
Каратаев Фтизиатрия улуттук борборунун жетекчиси болуп дайындалган.