Пресс-борбор

Байтереков: мамлекеттик айрым IT-ишканалардын кызматкерлери айлыксыз калды

Өкмөттүн өкүлү бул тармактагы жетекчилер киреше алып келе албаганы үчүн кеткенин, алдыда IT-ишканаларды бириктирүү пландалып жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. IT-секторундагы айрым мамлекеттик ишканалардын программисттери менен кызматкерлери айлык албай калды, себеби иштеген жеринин финансылык каражаты жок. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын cанариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтереков билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык пресс-борборунда өткөн "Өкмөттүн IT-чөйрөсүндөгү жетекчилерди иштен алгандан кийинки планы" аталышындагы брифингде сүйлөдү.
"IT-секторундагы айрым мамлекеттик ишканалардын өзүнүн финансылык каражаты жок, себеби бюджеттен акча бөлүнбөйт. Программисттер менен кызматкерлер айлыгы жок отурат. Жакында болгон каражат түгөнөт. Ошондуктан эмгек акы жарым жылга же бир жылга кармалбашы үчүн ыкчам аракеттерди көрөлү деп жатабыз", — деди Байтереков.
Киреше жок, айлыгы 130 миң сом. Беш IT-мекеменин башчылары эмнеге иштен алынган
Ал кошумчалагандай, бир нече мамлекеттик ишканананын жетекчилери киреше алып келе албаганы үчүн жумуштан айдалды. Алдыда IT-ишканаларды бириктирүү пландалууда.
Белгилей кетсек, өткөн жумада "Түндүк" электрондук өз ара аракеттешүү борборунун, "Инфосистема", "Соцсервис", "Транском" жана "Укук" мекемелеринин жетекчилери жумуштан алынган.