БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Россиянын Түз инвестициялар фонду Индияда коронавирустан улам жаралган кыйын кырдаалга байланыштуу "Спутник V" вакцинасын жеткирет. Бул тууралуу РИА Новости фонддун башчысы Кирилл Дмитриевдин айтымына таянып кабарлады.
Ага ылайык, дарынын биринчи дозасы өлкөгө 1-майда алып келинмекчи.
Дмитриев Индия "Спутник V" вакцинасын чыгарган маанилүү өндүрүшчүлөрдүн бири болорун кошумчалаган. Белгилей кетсек, Индия дүйнөдө калкынын саны көп мамлекеттердин бири. Аталган өлкөдө да "Спутник V" вакцинасы катталган.
Маалыматта Индия россиялык вакцинаны өндүргөн алдыңкы хаб экени жазылган. Россиянын Түз инвестициялар фонду жылына "Спутник V" вакцинасынын 850 миллион дозасын чыгарып туруу үчүн аталган мамлекеттин Gland Pharma, Hetero Biopharma, Panacea Biotec, Stelis Biopharma, Virchow Biotech аттуу ири фармацевтикалык компаниялары менен келишим түзгөнү белгилүү болду.
Эске салсак, Индияда коронавирустан каза болгондордун саны рекорддук көрсөткүчкө жетип, крематорийлер аларды өрттөп жетишпей жатат.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 16 миллиондон ашып, Дели шаарында ар бир төртүнчү мүнөт сайын бирден киши каза болууда.