Кочкордун Бугучу айылында бардык шарты бар мектеп курулууда. Сүрөт

Курулуш долбоорунда окуу корпусунан тышкары галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал болот. Имаратты май айында бүтүрүү пландалып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Нарындын Кочкор районунун Бугучу айылында бардык шарттары каралган мектептин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
1 / 4
Нарындын Кочкор районунун Бугучу айылында бардык шарттары каралган мектептин курулушу аяктап калды
2 / 4
Ага ылайык, имаратты май айында бүтүрүү пландалып жатат
3 / 4
Учурда мектептин ичи жасалгаланып, көрктөндүрүү иштери башталды
4 / 4
Курулуш агенттигинен кошумчалашкандай, жаңы билим уясы 150 орунга эсептелген. Сметалык наркы 690 миң долларды түзөт
Ага ылайык, имаратты май айында бүтүрүү пландалып жатат. Учурда мектептин ичи жасалгаланып, көрктөндүрүү иштери башталды.
"Билим уясы жаңы форматта курулууда. Анда окутуу үчүн бардык шарттар каралган. Долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал болот. Ошондой эле жабдылган химия, физика жана информатика класстары бар", — деп айтылат маалыматта.
Курулуш агенттигинен кошумчалашкандай, жаңы билим уясы 150 орунга эсептелген. Сметалык наркы 690 миң долларды түзөт.