БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бүгүн Тажикстандын борбору Душанбе шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун коргоо министрлеринин жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу маалымат аталган эл аралык уюмдун расмий сайтында жарыяланды.
Отурумда аскердик коопсуздук, учурдун чакырыктарына каршы аракеттенүү жана чара көрүү боюнча маселе талкууланмакчы.
Коргоо министрлеринин жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынына тажикстандык өкүлдөр төрагалык кылат.
Иш-чарага ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышып, күн тартибиндеги маселелер боюнча сөз сүйлөйт.
Жыйында Жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрүн жабдуу, Жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн түзүүгө биргеликте даярдык көрүү маселелери каралат. Ошондой эле 2021-жылдын экинчи жана 2022-жылдын биринчи жарымына тышкы саясат, коргонуу жана коопсуздук боюнча консультациялардын пландары талкууга алынат.
Мындан сырткары, коргоо министрлеринин жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынынын күн тартибине Жамааттык коопсуздук келишиминин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына жана ЖККУнун уюшулганынын 20 жылдыгына карата иш-чаралардын планы киргизилет.
Отурумдун алдынан ЖККУ уюмунун коргоо министрлери менен Коопсуздук кеңешинин катчыларын Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кабыл алат.