Кесирленип, калп эле наалыба. Таасирдүү видео

Кырсыктан улам колдорунан ажыраган Петр Шнайдер аттуу чехиялык адамдын күнүмдүк оокатын кылып, алты саны соо кишилерди да таңгалдырып, суктандыра турган видеосу тарады.
Sputnik
Бул туурасында Sputnik Түркия жазды.
Петр Шнайдер чатырдан кулап, андан соң электр тогуна урунуп, эки колун дээрлик түбүнөн алдырып жиберген. Ошентсе да бул адам буту менен балтаны кармап отун жарып, токойдо карагай таарып оокат жасап жүргөнүн видеодон көрүүгө болот.
Петрдун жерде жаткан карагайды эбин келтирип ийинине салып, тең салмакта кармап көтөрүп кеткени кээ бир алты саны аман адамдын колунан келбейт.
Андан соң каармандын от тамызып, өзү жарган отундарды мешке жагып жаткандыгына күбө болобуз.