Жайылда памирлик 12 кыргызга ID-карт тапшырылды

Жакында дагы 44 памирликтин Кыргызстандын жараны экенин тастыктаган документ ала тургандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Афганистандан келген Памир кыргыздарынын ичинен Чүйдүн Жайыл районунда жашаган 12 кишиге Кыргызстандын жарандыгы берилип, ID-карт тапшырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
1 / 3
Афганистандан келген Памир кыргыздарынын ичинен Чүйдүн Жайыл районунда жашаган 12 кишиге Кыргызстандын жарандыгы берилип, ID-карт тапшырылды
2 / 3
КР жарандыгын тастыктаган документти тапшыруу салтанаттуу жагдайда өтүп, ага өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев жана райондун акими Турусбек Ногоев катышкан
3 / 3
Маалыматта булардан сырткары дагы 44 памирлик жакында жарандыгын тастыктаган документ ала тургандыгы айтылды
КР жарандыгын тастыктаган документти тапшыруу салтанаттуу жагдайда өтүп, ага өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев жана райондун акими Турусбек Ногоев катышкан.
Маалыматта булардан сырткары дагы 44 памирлик жакында жарандыгын тастыктаган документ ала тургандыгы айтылды.
"Президенттин жарлыгы менен КР мыйзамдарынын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибинин негизинде этникалык 106 кыргызга өлкөнүн жарандыгы ыйгарылган", — деп айтылат маалыматта.
Миграция кызматынын буга чейинки маалыматтарына таянсак, Афганистандан көчүп келгендерди жана бул жерде туулгандарды эсептегенде Кыргызстанда 106 адам жашайт. Бир кишиден башкасы кайрылман макамын алышкан. Ал эми бирөө Кыргызстандын жараны болгон эле.