Өзбекстанда көчөгө камера орноткон ишкерлер айып пулдун жарымынан бошотулат

Өкмөттүн токтомуна ылайык, жолдорго эрежени көзөмөлдөөчү камераларды орноткон ишкерлер айып пулдун жарымын төлөшөт. Бир жылдан соң алардын төлөөчү үлүшү 25 пайызга чейин түшүрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Өзбекстанда жол эрежелерин көзөмөлгө алуучу камераларды орнотууга демөөрчү болгон ишкерлер эреже бузганы үчүн айып пулдун 50 пайыз суммасынан бошотулат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Буга карата өкмөттүн тийиштүү токтому чыккан.
"Сүрөт жана видеого алуучу атайын автоматташтырылган программалык-техникалык шаймандар орнотула турган жерлердин жайгашкан дареги E-IJRO AUCSION платформасы аркылуу онлайн-аукционго коюлат", — деп айтылат билдирүүдө.
Ош: үч ай ичинде жол кырсыктарынан 23 адам каза болду
Монтаж аянтчаларынын баштапкы баасы 735 миңден 8,575 миллион сумга чейин (70тен 816 долларга чейин) белгиленген.
Система алгачкы он күндө тесттик режимде иштейт. Бул мезгил аралыгында жол эрежесин бузгандарга айып пул салынбайт.
Ал эми система ишке киргизилгенден кийин бизнесмендерден бир жыл ичиндеги эреже бузуулар боюнча айып пулдардын 50 пайызы суралат. Бир жылдан кийин ал өлчөм дагы 25 пайызга түшөт.