Өзүн Конор Макгрегормун деп жүргөн наркодилер соттолду. Сүрөт

34 жаштагы Марк Най февраль айында кармалган. Ал айдоочулук күбөлүгү жок бара жатканда полицияга кармалып, өзүн Конор Макгрегормун деп тааныштырган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Улуу Британияда өзүн Конор Макгрегормун (UFC уюмунун экс-чемпиону, мушкер — ред.) деп элди алдап, баңгизат сатып жүргөн киши соттолду. Бул тууралуу Eurosport жазды.
Жадагалса ал белгилүү спортчунун аты-жөнү жазылган визиттик карта дагы жасатып алганы белгилүү болду.
34 жаштагы Марк Най февраль айында колго түшкөн. Ал айдоочулук күбөлүгү жок бара жатканда полицияга кармалып, ошол жерден спортчунун аты-жөнү жазылган визиттик картаны көрсөткөн. Укук коргоо кызматкерлери ага ишенбей, полиция участогуна алып барууну чечишкен. Ошол маалда Най жанындагы баңгизаттар менен уюлдук телефонун жок кылууга аракет кылган.
​Телефонду текшере келгенде, анда баңгизат алган кардарлары менен жазышкан билдирүүлөр табылган.
Жыйынтыгында Гилфорд шаарынын Падышалык соту аны үч жылга эркинен ажыратты.