Нарында Памирден келген этникалык кыргыздар паспорт алды. Сүрөт

ID-карт Ат-Башы районунда жашап жаткан бир үй-бүлөгө жана Нарын шаарында жашап жаткан бир адамга тапшырылган.
Sputnik
НАРЫН, 26-апр. — Sputnik. Бүгүн Нарын шаарында Афганистандан келип, аталган аймакта жашап калган төрт этникалык кыргызга жарандык паспорт салтанаттуу тапшырылганын аймактык кабарчыга өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы билдирди.
Бүгүн Нарын шаарында Афганистандан келип, аталган аймакта жашап калган төрт этникалык кыргызга жарандык паспорт салтанаттуу тапшырылганын аймактык кабарчыга өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы билдирди
"Ат-Башы районунун тургуну Памири Хабибулла, анын жубайы Памири Тотия жана кызы Памири Карима, ошондой эле Нарын шаарынын тургуну Памири Салихидин Кыргызстандын жарандыгын алып, паспорттору колдоруна тийди", — деп айтылган маалыматта.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын октябрь айында Афганистандан этникалык 33 кыргыз Нарын жергесине балдарына билим берүү максатында келген. 2020-жылга чейин кийин келип кошулгандарды жана кеткендерди эсептегенде жалпы саны 50гө жеткен. 2020-жылдын август айында мамлекет тарабынан Алай жергесине салып берилген үйлөргө 10 үй-бүлө көчүп кеткен. Учурда Памирден келген бир үй-бүлө Нарын шаарында, дагы бир үй-бүлө Ат-Башы районунда жашайт. Алардын саны учурда 10 адам болсо, төртөө жарандык паспортко ээ болду.
Памирлик Турганбай: Кыргызстанга келүүнү кандай гана эңсебедим. Жетим калбайлычы...
Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 16-апрелиндеги жарлыгына ылайык, 111 адам Кыргызстандын жарандыгын алган. Алар Афганистан менен Кытайдан келген этникалык кыргыздар эле. Жарандык алгандардын 60ы чоң кишилер жана 51и балдар. Булардын ичинен төрт жаран Нарын облусунун тургундары.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын март айында Алай жергесиндеги памирлик кыргыздар мамлекет башчы менен жолугушууда Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча көңүл буруусун сурашкан.