БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргызстанга гуманитардык жардам катары вакцина ташыганга сегиз авторефрижератор берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Транспорт каражаттарын Вакцина жана иммунизация боюнча глобалдык альянс (ГАВИ) алып келип берген. Автоунаалар альянстан ЮНИСЕФтин камсыздоо бөлүмү аркылуу сатып алынган.
Жети автоунаа облустардагы ооруларды алдын алуу борборлоруна жана бирөө Улуттук иммунопрофилактика борборуна бөлүштүрүлөт.
ГАВИ 2001-жылдан бери кыргыз өкмөтүнө колдоо көрсөтүп келет.