Жазуучу Бексултан Жакиевдин сөөгү жерге берилди. Сүрөт

Жазуучуну акыркы сапарга узатууда сүйлөгөн өкмөт башчы Улукбек Марипов кыргыз эли оор жоготууга учурагандыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
1 / 6
Белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду
2 / 6
Профессор, Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу, драматург, кинодраматург Бексултан Жакиев 2021-жылдын 25-апрелинде 85 жаш курагында дүйнө салган
3 / 6
Аны акыркы сапарга узатуу Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдында болду
4 / 6
Коштошуу зыйнатында сүйлөгөн өкмөт башчы Улукбек Марипов кыргыз эли оор жоготууга учурагандыгын белгиледи
5 / 6
Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган
6 / 6
Жакиев коомчулукка "Атанын тагдыры" аттуу драмасы менен таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.
Профессор, Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу, драматург, кинодраматург Бексултан Жакиев 2021-жылдын 25-апрелинде 85 жаш курагында дүйнө салган. Аны акыркы сапарга узатуу А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдында болду.
Коштошуу зыйнатында сүйлөгөн өкмөт башчы Улукбек Марипов кыргыз эли оор жоготууга учурагандыгын белгиледи.
"Биз заманыбыздын белгилүү залкар адамын жоготтук. Жакын арада эле ал киши өз кеп-кеңешин айтып, тажрыйбасы менен бөлүштү эле. Бексултан Жакиевдин көп кырдуу таланты анын чыгармаларында жана котормолорунда көрүнүп турат. Жакиев — кылымдын драматургу. Ал кинематографияда, драматургиядагы кайталангыс изин жана татыктуу шакирттерин калтырып кетти. Жакиевдин жаркын элеси ар дайым эсибизде сакталат. Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан жазуучунун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деди Марипов.
Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.
"Чоңко эненин" жомогуна канып... Бексултан Жакиев жөнүндө 8 факты
Жакиев коомчулукка "Атанын тагдыры" аттуу драмасы менен таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.
Жакиевдин "Миң кыял", "Алтын аяк", "Өкүм", "Эртең – жаңы жыл", "Жолугушуу", "Күттүргөн жаз да келер", "Саадак какты", "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", "Жаза" жана башка драмалары бар. Мындан тышкары, бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган.
Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы "Манас" ордени жана Даңк медалынын ээси болгон.