Германиянын "Вердер" футбол клубунун коргоочусу Марко Фридль чабуулдун мизин кайтарууда кайра-кайра топ тийип жапа чекти. Бул туурасында оюндагы кызыктуу учурдун видеосун RT жазды.
Биринчи соккуда эле топ коргоочунун ичине тийип, ал жерге кулаган. Топ кайра эле Андрихке келип, экинчи ирет тепкенде да жерде жаткан коргоочуга тийген. Калыстын ышкырыгынан кийин үчүнчү жолу тебилген топ кайра эле Фридлге тийген.
Беттеш "Унион Берлин" командасынын ишенимдүү жеңиши менен аяктаганы айтылды.