Эки адам каза таап, 199 киши COVID жуктуруп алды. Статистика

Учурда өлкө аймактарындагы ооруканаларда 1 449 бейтап жатат. Алардын ичинен 345 кишинин абалы оор экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Соңку бир күндүн ичинде өлкөдө 199 адамдан коронавирус аныкталып, ошол эле учурда 146 киши айыгып чыкты. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Ал эми Бишкек менен Нарын облусунда бирден бейтап оорунун кесепетинен каза тапты. Бүгүнкү статистиканы кошкондо пандемия башталгандан бери 1 584 кыргызстандык көз жумду.
Катталган жаңы учурлар:
Сакайып чыккандар:
Учурда өлкө аймактарындагы ооруканаларда 1 449 бейтап жатат.
Алардын ичинен:
Акыркы сутка ичинде 2 982 ПЦР-изилдөө жүргүзүлгөн.