Крематорий жетишпей көчөдө өрттөлгөн сөөктөр. Индиядагы COVID апааты сүрөттө

Sputnik

Пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 16 960 172 учурга жетти. Анын ичинен 14 085 110 бейтап сакайып, 192 311 адам ажал тапкан.

Бүгүнкү күндө 2,68 миллион индиялык ооруп жатат.

Көптөгөн ооруканаларда бейтаптар үчүн орун жетишпей, кире бериш жерлер да толуп калган. Өлгөндөрдүн саны арбын болгондуктан көчөлөрдө эле крематорийлер пайда болуп жатат.

 

1 / 12
Индияда коронавирустан каза болгондор рекорддук көрсөткүчкө жетти. Крематорийлер алардын сөөгүн өрттөп жетишпей жатат
2 / 12
Акыркы суткада эле 2 767 киши көз жумган. Ал эми 349 690 киши дартка кабылганы аныкталган
3 / 12
Пандемия башталгандан бери Индияда COVID-19 жуктургандардын саны 16 960 172ге жетти
4 / 12
14 085 110 бейтап оорудан сакайып, 192 311 адам ажал тапкан
5 / 12
Бүгүнкү күндө 2,68 миллион индиялык ооруп жатат
6 / 12
Көптөгөн ооруканаларда бейтаптарга орун жетишпей, кире бериш жерлер да толуп калган
7 / 12
Тез жардам унаалары илдет жуктурган жаңы бейтаптарды ташып келип жатат
8 / 12
Дарыгерлер оорусу жеңил жана орто формада болгон бейтаптарга үйдөн эле дарыланууну сунуштап жатат
9 / 12
Крематорийде чарчап-чаалыккан медицина кызматкери эс алууда
10 / 12
Өлгөндөрдүн саны арбын болгондуктан сөөк өрттөөчү аянттардын саны да көбөйүүдө
11 / 12
Абал курчуп, көчөлөрдө эле крематорийлер пайда болуп жатат
12 / 12
Нью-Делидеги крематорийлердин биринде коронавирус инфекциясынан көз жумган адамдын сөөгү