Азия чемпионаты: өзбекстандык оор атлетчи Нурудинов дүйнөлүк рекордду жаңылады

Ташкентте өткөн мелдеште ал 429 килограммдык салмакты багындырган көрсөткүчү менен 2021-жылдагы Азия чемпиону болду.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Өзбекстандык оор атлетчи Руслан Нурудинов дүйнөлүк рекордду жаңылап, Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
109 килограмм салмакта күч сынашкан Нурудинов түртүп көтөрүүдө 241 килограмм темирди көтөрүп, дүйнөлүк рекордду жаңырткан. Ал эми жулкуп көтөрүүдө спортчу 188 килограмм темирди көтөргөн. Жалпы суммасы 429 килограмм көрсөткүч менен ал 2021-жылдагы Азия чемпиону болду.
Ааламдагы эң күчтүү адам аныкталып, дүйнөлүк рекорд жаңыланды
Өзбекстандык дагы бир спортчу Акбар Жураев 194 килограммды жулкуп, ал эми 234 килограмм темирди (жалпы көрсөткүч 428 килограмм) түртүп көтөрүп, күмүш байгеге татыган. Ал эми 200 жана 215 килограмм (жалпы 415 килограмм) оордукту багындырган кытайлык Янг Чже коло байге утту.
Белгилей кетсек, буга чейинки дүйнөлүк рекорд армениялык оор атлетчи Симон Мартиросянга таандык. Ал 2019-жылы өткөн дүйнө чемпионатында түртүп көтөрүүдө 240 килограмм оордукту багындырган.