Ысык-Көлдүн абасын, тоолорун сагынам. Велоспортчу Евгений Ваккер менен маек

Дүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону Евгений Ваккер бир нече жылдан бери Германияда жашап, иштеп келет. Белгилүү велоспортчу жакында эле 47 жашка толду.
Sputnik
Кыргызстандын желегин далайга желбиретип, бир топ спорттук мелдештерди багындырган мекендешибиз менен кабарчыбыз маек курду.
— Сиз менен бир нече жыл мурун байланышканда машыктыруучулукка ыктап жатканыңызды айткан элеңиз. Учурда Германияда эмне иш кылып жатасыз?
— Спорттук ишмердүүлүгүмдү жыйынтыктагандан кийин машыктыруучу болууга бир катар мамлекеттерден сунуш түшкөн, бирок алар менен кызматташуу узакка созулган жок. Кувейтте машыктыруучу болуп, кийин Өзбекстандан чакыруу келип кичине тажрыйба алмаштык. Бирок контракт түзгөнгө жетишкен жокпуз. Азыр Германияда бала-бакырам менен жашап, иштеп жатам. Бул жакта төрт-беш жаш спортчуга техникалык маселелерди, машыгуу шарттары боюнча кеп-кеңеш берип жумасына бир жолу велосипед тебебиз. Спорттон такыр эле алыстап кеткен жокмун, баягыдай жеке өзүм үчүн велосипед тээп турам. Организм ошого көнүп калган, кадимкидей талап кылат. 
Дүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону Евгений Ваккер бир нече жылдан бери Германияда жашап, иштеп келет
— Акыркы жолу Кыргызстанга качан келип кеттиңиз?
— Үч жыл мурун барып кеткем. Аябай сагындым. Мага мамлекет мурун батир белек кылган. Буюрса аны өзүмө каттатып Кыргызстанга барып жашасам деген тилек менен жүрөм. Жакынкы убакытта досторума, машыктыруучума кезигип, алар менен чер жазып сүйлөшүп отурууну эңсөөдөмүн. Ошондой эле бул жактын аба ырайы, климаты да башкача, Кыргызстанга жетпейт. Ысык-Көлдүн абасын, кооздугун, тоолорун сагынам.
— Үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз, уул-кыздардын арасында ата жолу менен кетчүлөр барбы?
— Үч балабыз бар. Жубайым иштейт, балдар окуп жатышат. Азырынча велоспортко кызыккандар жок, бирок спорттун башка түрлөрүнө аралашып жүрүшөт. 
Евгений Ваккер: Кыргызстанга үч жыл мурун барып кеткем. Аябай сагындым. Мага мамлекет мурун батир белек кылган. Буюрса аны өзүмө каттатып Кыргызстанга барып жашасам деген тилек менен жүрөм
— Кезинде сизди коңшу мамлекеттер улуттук команда курамында түрдүү эл аралык мелдештерге катышуу сунушу менен келгенин билебиз. Алардан кантип баш тарткансыз?
Дубайдын чөлүндө 50 чакырым чуркаган Казбек. Кыргызстандык марафончунун маеги
— Ал маалда Кыргызстандан каржылоо боюнча көйгөйлөр жаралып, мен эмне кыларымды билбей калган маал эле. Ошондо Казакстан тарап жарандыгымды алмаштырып, биздин улуттук курама команданын атынан мелдештерге катышып бербейсиңби деп келген. Машыктыруучум Эркен Акрамовдун аракети менен калып калгам. Ал кезде казактар ар бир спорттун түрүнө жакшы акча бөлчү, бизде ал жылдары спорт каралбай калган. Ошол учурда чет мамлекеттерге кеткендер, спортту таштап салгандар көп болду.
— Кийин польшалык "Лидер" клубуна мүчө болуп Европада карьераңызды улантып калдыңыз. Ал жылдар спорттогу ишмердүүлүгүңүзгө кандай таасир этти?
— Алгач мага немецтердин бир клубу кызыгып, алардын жардамы менен Европага келип, түрдүү спорттук иш-чараларда өзүмдү көргөзө баштадым. Кийин төрт жылдай польшалык "Лидер" клубунун мүчөсү болуп жүрүп, кайра Германияга келип калдым. Ошентип спорттун аркасы менен ар кайсы мамлекеттерде болдум. Жыл сайын өзүмдүн спорттук көрсөткүчтөрүмдү жогорулатуу үчүн тынымсыз эмгектенип жүрүп, анын аркасы менен дүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону болдум, бир эле Азия оюндарында беш күмүш, бир коло медаль тагындым. Негизи эле спортчу бир жерде токтоп калбай мелдештерге байма-бай катышып, өзүн өстүрүп атаандаштарын жакшы билиши керек. Европадагы жылдарым мени бир топ өстүрүп, өзүмдү жакшы формада кармап турууга шарт түздү. Андан сырткары, кошумча киреше таап үй-бүлөмдү да бакканга мүмкүнчүлүк берди. 
— 2010-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарына операциядан толук айыкпай эле катышып күмүш медаль тагынганыңызды көпчүлүк спорт сүйүүчүлөр азыркыга чейин айтып келишет. Ошол учурларды кичине эстей кетсеңиз...
— Европадан Кыргызстанга Азия оюндарына даярдык көрүү үчүн учуп келип түндө мейманканада түнөгөм. Эртеси эртең менен ичимдин ооруганы басылбай койду. Машыктыруучума айтсам, ал хирург агасы Эрнест Акрамовго алып барды. Анализдерди карап сокур ичегини алыш керек деди, бир сааттан кийин эле операциялык столго жатып калдым. Аябай капа болдук. Себеби биз атайын мелдешке даярданганы Бишкекке келгенбиз, ал спорттук мелдешти көптөн бери күтүп да жүргөнбүз. Ийри отуруп, түз кеңешип Азия оюндарына катышууга, ал жактан байге алууга аракет кылууну сүйлөшүп операциядан үч күн өткөндөн кийин Ысык-Көлгө даярдык көргөнү кетип калдык. Мелдешке даярданууга ыңгайсыздык жараткан учурлар болуп турду. Анткени скальпель тийген жерим толук бүтө элек болчу, оорутуп да калчу, бирок каалоом күч эле. Эки-үч жумадан кийин Кытайга учуп кеттик, ал жактан марага экинчи келип күмүш медаль тагынып калдым. Алтын тагынган атаандашыман төрт-беш секунддай эле артта калгам. Ошондо бир чети кубанып, бир чети кичине аракет кылсам алтын тагынмак экенмин деп кайгыргам. 
Евгений Ваккер: эгер өлкөдө велоспортту алдыга жылдыруу, өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер баштала турган болсо, мен ар дайым кол кабыш кылганга, жаштарды даярдоого катышууга даярмын
— Көптөгөн мамлекеттерде машыгып, айрымдарында машыктыруучу болдуңуз. Кыргызстандагы велоспорттун келечеги жөнүндө эмне дейсиз...
— Биринчиден, биздин өлкөнүн жайгашкан жери спорттун көп түрү үчүн абдан ыңгайлуу. Жаратылыш шартыбыз спортчуларды тез калыбына келтирүүгө, күч-кубат топтоого жардам берет. Айрым чет элдиктер атайын бийик тоолуу өлкөгө машыгуу үчүн учуп барышат. Тоо чыдамкайлыкты арттырып, күч-кубат берет. Ошондуктан биз машыгууга деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктиктеги Ысык-Көлгө барчубуз. Ал жакта өткөн эки-үч жума эле организмге бир топ жардам берчү, өзүбүздү да жакшы сезип калчубуз. Ошондуктан Кыргызстанда велоспорттун келечеги кең.
Жашагың келсе кайдан-жайдан болсо да күч табылат экен. Эркин Асрандиев менен маек
Экинчиден, Кыргызстанда велоспортту өнүктүрүү сөзсүз кыйынчылыктар менен коштолот. Себеби ага мамлекет тарабынан да акча бөлүнбөйт. Негизи велоспорт кымбат делген спорттун катарына кирет. Мисалы, кымбат велосипед, атайын форма, автоунаа, жабдуу керек. Анан тамак-аш, жатакана жана башка бир топ көйгөйлөр бар. Эгер өлкөдө велоспортту алдыга жылдыруу, өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер баштала турган болсо, мен ар дайым кол кабыш кылганга, жаштарды даярдоого катышууга даярмын. Муну менен катар Кыргызстанда машыгып, Европанын деңгээлинде спорттук мелдештерде өз күчүн сынагысы келген мекендештерге көмөктөшө алам.
Бизде аталган спорттун түрүнө кызыгып машыгып жүргөн балдар жок эмес. Аларга каржылык, устаттык колдоо болбосо, ийгиликтерди жаратуу өтө оор. Кыргызстанда узак убакыттан бери велоспортту мамлекет көз жаздымда калтырып келгендиктен, аны калыбына келтирүү да көп убакыт талап кылынат.