Шумдук кармашуу! Шевченко Андрадени техникалык нокаут менен утту. Видео

Кыргызстандык спортчу наамын бешинчи ирет коргоп калды. Ал беттештин жүрүшүндө бразилиялык атлетке эч мүмкүнчүлүк берген жок.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко кезектеги атаандашы Жессика Андрадени утуп, UFC уюмунун чемпиону наамын коргоп калды.
Ата мекендик спортчу беттештин экинчи раундунда атаандашын жерге жыгып, эки колун "байлап", бетке чыканагы менен сокку жаадыра баштаганда калыстар беттешти токтотту. Кыргызстандык спортчу ушуну менен бешинчи ирет чемпиондук наамын коргоп калды. Ошентип Шевченко Андрадени техникалык нокаут менен утту.
UFC 261 турнири АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында болуп жатат.
​Шевченко беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын төрт ирет коргоп калган.
Андраде эң жеңил салмактын чемпиону болгон. Ал буга чейин карьерасында 29 кармашка чыгып, сегиз ирет жеңилген.