UFC: башкы беттеште Усман атаандашы Масвидалды нокаутка кетирди. Видео

Ушуну менен мушкерлер октагондо экинчи ирет жолугушту. Усман алгачкы кармашта да жеңишти берген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. UFC чемпиону Камару Усман Хорхе Масвидалды уюмдун 261-номериндеги турниринин башкы беттешинде нокаутка кетирди.
Кармаштын экинчи раундунда Масвидаль катуу нокаутка учурады. Усман наамын төртүнчү ирет коргоп калды.
Белгилей кетсек, мушкерлер октагондо экинчи ирет жолугушту. Усман алгачкы кармашта да жеңишти берген эмес.
​Беттеш АКШнын Жексонвилл шаарында өттү. Дагы бир башкы беттештердин биринде кыргызстандык Валентина Шевченко бразилиялык Жессика Андраде менен кармашып, техникалык нокаут менен чемпиондук наамын коргоп калды.