ЖМК: Россия онлайн оюндардан көз карандуулукту оору деп тааныды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму онлайн оюндардан көз карандуулуктан адам стресске кабылып, жашоосунда көп көйгөйлөр пайда болот деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги компьютердик оюндардан көз карандуулукту оорулардын эл аралык тизмесине киргизгени жатат. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Агрессивдүү оюндарды көп ойногон бала кийин кылмышкер болобу
Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму онлайн оюндардан көз карандуулукту 2018-жылы эле илдет катары кабыл алып, ал адамын жашоосундагы үй-бүлөлүк, социалдык, профессионалдык жана билим алуу жааттарына терс таасир этерин айтып чыккан.