Акыркы жылдары Россия менен АКШнын мамилеси атаандаштыктан ачык эле контфронтацияга өттү, башкача айтканда, кансыз согуш дооруна кайтты. Санкциялык басым, опузалоо, каршылашуу, өзүмчүл кызыкчылыктарды коргоо — мунун баары дүйнө жүзүн олку-солкулукка кептеп жатат. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Эки өлкөнүн узак убакытка чейинки чыңалган мамилесинин өзү кризис. Мындай оор жагдай мамилени ого бетер курчутуп, "кризис каатчылыгын" шарттайт. Жаралган кырдаалда бир эле туура эмес жасалган кадам, чыдамы жоктук, сөзгө маани бере билбегендик анык бир өлкөлөрдү эле эмес, бүтүндөй дүйнөнү кандуу кагылышуу кооптуулугуна такайт.
Жалпы тарыхта мындай көрүнүшкө күбө болгонбуз. Албетте, мезгил башкачараак эле, окуя Кариб бассейнинде болгон, бирок өзөгү так эле ушундай болчу.
Ал кездеги АКШнын тышкы саясаты биздин өлкөнү тийиштүү кадам жасоого мажбурлап келген. 1950-жылдардын аягында жана 1960-жылдардын башында АКШ ракеталарын Түркияга, Түштүк Вьетнамга, Ливанга жайгаштырып, абалды курчуткан. Кубада да туура эмес саясатынын айынан революция жасалган, кайра көзөмөлдү кайтаруу боюнча аракет көрүп убара кылган... Айтор, айта берсе оголе көп.
Биринчиси. Узак мөөнөттүү жооп. Бул АКШ жээгинде ракеталардын жайгашышы эле эмес. Биринчи кезекте бул — өлкөбүздүн кыска убакытта планетанын кайсы гана бурчунда болбосун, аскерий базаларды ишке киргизүү боюнча инфраструктуранын мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүү, батыш мамлекеттерине сес көрсөтүү.
Экинчиси. Согуш босогосунда турган дүйнөнү компромисс деген эмне экенин жакшы түшүнгөн, абалга дыкат көз сала билген эки ири державанын лидерлери сактап калган.
Кайсы бир маалда лидерлер түз сүйлөшсө, айрым учурда анте алышкан эмес, кандай болгон күндө да СССР менен АКШнын ортосунда коркутуу, ультиматумдун жыты да жок тең укуктуу диалог бар эле.
Кариб кризиси соңуна чыккандан кийин ХХ кылымда эки мамлекет согушка ушунчалык жакын калган кырдаал түзүлгөн эмес. Анткени эки тарап тең эл аралык маселени чечүүдө конфронтацияга караганда кызматташуу алда канча жеңил экенин жакшы түшүнгөн.
Бирок бүгүнкү күндөгү абал бир аз башкачараак: АКШнын тышкы саясаты олку-солку болуп турат. Бул өлкөнүн Иран менен өзөктүк келишим түзүүдөн баш тартып, Ачык асман жана башка бир катар келишимдерден чыккан соң анык болду. Ал эми ушу тапта жаңы президенттин риторикасы буга айкын далил болуп турат.
Жаңы стратегиялык реалдуулукка, башкача айтканда, Вашингтондун тышкы саясий багытынын туруксуздугуна ички көйгөйлөр да, ошондой эле АКШнын Батыш дүйнөсүнүн лидери деген кадырынан ажырашы да себеп.
Ал эми жаңы администрация бир колу менен сүйлөшүү зарыл десе, экинчиси менен басымды күчөткөн тактиканы карманууда. Шайлоо алдындагы убадаларды аткаруу, багытты аныктоодо биримдиктин жоктугу, айтор, көп нерсе тууралуу сөз кылышы мүмкүн. Ал эми өнөктөштөрү менен атаандаштары айтылгандарды унчукпай, ыраазычылык менен кабыл алып, муюп отуруп бериши керек экен.
Диалог тууралуу эки президенттин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн билдик. Артынан эле катуу сөздөр айтылып, антироссиялык жаңы санкциялар жарыяланып, дипломаттар куулуп, Россиядан келчү кооптуулук тууралуу жарлыкка кол коюлуп кетти. Буга Украинанын чыгышына, биздин аймакка аскерий техника жайгаштыруу боюнча АКШнын билдирүүсүн да кошо кетели. Бир сөз менен абалды курчутууга аракет жасалды.
СССРди АКШ эсептеше турган атаандаш катары кабылдап келгени шексиз. Муну тараптардын аскердик-саясий тең укуктуулугу шарттап келген, ал эми бул паритетти сактоо үчүн эл аралык уюмдардын системасы түзүлгөн эле. Мындан тышкары, эки аскердик блок — НАТО менен Варшава келишиминин мамлекеттери бар эле.
Бирок СССР кыйрагандан кийин ортодогу тең укуктуулук бир саамга жок болуп кетти. Аскердик күч жагынан бир да мамлекет тең боло албаган, керек болсо теңелүүгө укугу да болбогон 15 жыл ичинде Америка тең укуктуу диалог деген эмне экенин эсинен чыгарып койду.
АКШнын жаңы администрациясы дүйнө башкаруучусу жана Батыштын коргоочусу деген кадырын калыбына келтирип жатып дүйнөдө кимдир бирөө Америка менен тең тайлаша турган инфраструктуралык мүмкүнчүлүккө жана аскердик-саясий потенциалга ээ болушу мүмкүн экенин моюндоого дарамети жетпейт. Мисалы, Кытай же Россия.
Ушу тапта күн тартибинде АКШнын азыркы администрациясы Кариб кризисин жолго салган эки лидердин копромисске келген даанышмандыгын көрсөтө алабы деген маселе турат.
Чегине жетип калган көйгөйлөрдү жөнгө салууга эмне жардам бере алат?
Үч учур бар.
Биринчиден, "тагдыр чеччү чечимдин" баасы. Эгер жеңиштин кесепети өтө эле оор болсо, башкача айтканда, жеңүүчүнүн бар же жок болуусу тууралуу маселе жаралса, анда бул жеңиш эмес.
Экинчиден, түз байланыш. Бул чалышып сүйлөшүп койгон телефон эмес. Мында ачык баарлашып, маектештин үнүн угуп, айтканына сүңгүү, логикасы менен келтирген аргументтерин түшүнүү олуттуу мааниге ээ.
Үчүнчүсү, компромисстин зарылдыгын түшүнүп тим болбостон ага барууга да даяр болуу. Диалогдун таш-талканын чыгарган ультиматум менен оройлуктан баш тартууга даяр болуу. Ушул эң башкысы.
Демек, америкалыктардын "Россия жооп берет" деген сөзү туңгуюкка кептейт. Бул тоннелден жол жок. Мындай бүтүм эч кимге жакшылык алып келбейт.