Кыргызстанда 16,5 миң киши COVID-19га каршы вакцина алды. Аймактар

Учурда кыргызстандыктарга Кытайдын Sinopharm жана россиялык "Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Өлкө боюнча коронавируска каршы препарат менен 16 653 киши эмделди. Алардын ичинен 587си дарыны акыркы суткада сайдыргандар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Кайсы аймакта канча киши эмделди:
"Спутник V" менен эмдөө башталып, биринчи болуп Мамбет Мамакеев алды. Сүрөт
Ал эми 22-апрель күнү Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы жеткирилди. Анын 15 миң дозасын Кыргызстан сатып алды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет. Ал 65 жаштан жогоркуларга жана өнөкөт оорусу бар жарандарга сайылат.