Сутка ичинде 228 кишиден дарт аныкталып, 4 киши көз жумду. COVID статистикасы

Акыркы 24 саат ичинде илдетти жеңе албай Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир адам каза болду. Ушуну менен COVID-19дан ажал тапкандардын саны 1 582ге жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Соңку бир сутканын ичинде өлкөдө 228 адамдан коронавирус аныкталып, ошол эле учурда оору жуктурган 186 киши айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Ал эми илдетти жеңе албай Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир адам каза болду. Ушуну менен COVID-19дан ажал тапкандардын саны 1 582ге жетти.
Коронавирус катталган аймактар:
Бүгүнкү санды кошкондо пандемия башталгандан бери 93 831 кыргызстандык COVID-19 жуктурганы белгилүү болду.
Сакайып чыккандар:
Жалпысынан 88 066 киши ооруну жеңип чыкты.
Учурда ооруканаларда 1 441 бейтап жатат. Алардын ичинен:
Ал эми медицина кызматкерлеринин арасынан өткөн суткада беш кишиден коронавирус аныкталды.