Астрофотограф Күндүн эң мыкты сапаттагы сүрөттөрүн жарыялады

Технологиянын өнүгүшү менен жарык чачкан Күн тууралуу улам жаңы маалымат алууга шарттар түзүлүп жатат. Астрофотограф Күндүн эң мыкты сапаттагы сүрөтүн тартуу үчүн телескоп чогулткан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Астрофотограф Эндрю Маккарти 230 мегапикселдик камера менен Күндү тартып алган. Бул тууралуу National Geographic жазды.
Сүрөтчү фокустук аралыгы 4 000 миллиметрлик Күн телескобун чогулткан. Жабдык бир мүнөттө 100гө чукул сүрөт тартат.
"Жыйынтык менен канааттандым. Ушундай сүрөт чыгарына алгач анча деле ишенген эмесмин. Себеби Күндүн чоң сүрөтүн тартуу абдан оор", - деген Маккарти.
Сүрөт мыкты сапатта тартылган, андан Күндүн кырындагы плазманы көрүүгө болот.