Ташиев: чек ара маселеси боюнча май айында Өзбекстандан делегация келет

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация 23-мартта Өзбекстанга учуп кетип, 24-25-мартта жыйын болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 10-майдан кийин Өзбекстандын делегациясы Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Өзгөн районундагы Куршаб айыл өкмөтүндө эл менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүлөр Ош шаарында өтөрү күтүлүп жатат.
Ташиев Кемпир-Абад боюнча Өзгөн эли менен жолугуп жатат. Сүрөттөр
Ушу тапта өзгөндүктөр Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу 50 гектар жердин берилишине каршы болуп акция өткөрүп жатышат.
Эске салсак, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация 23-мартта Өзбекстанга учуп кетип, 24-25-мартта жыйын болгон. Анда Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайызга чечилгендигин айткан. Дал ошол жолугушууда азыр коомчулукту дүрбөлөңгө салып жаткан Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе каралган.