“Фарватер” футзал боюнча Кыргызстандын чемпиону болду

Муну менен бишкектик команда тарыхта алгачкы ирет чемпиондукка жетти. Өлкө мыктысын аныктаган чечүүчү оюн Арча-Бешик конушундагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкектин “Фарватер” футзал клубу Кыргызстандын 2021-жылдагы Суперлигасынын чемпиону болду. Бул тууралуу өлкөнүн Футзал ассоциациясынын аткаруучу директору Киемидин Пириев Sputnik агенттигине билдирди.
Финалдык беттеште алар Steelex клубун 3:2 эсебинде утуп алышты. Жаңы чемпиондор жеңишин майрамдап сүйүнгөн учурдун видеосун Футзал ассоциациясы өзүнүн Instagram баракчасына чыгарган. 
Биринчи бөлүк 1:1 менен аяктап, экинчи таймда “Фарватер” эки гол киргизген. Оюндун аяктаарына үч мүнөт калганда Steelex бир топ киризип, эсеп айырмасын азайткан. Беттеште мындан башка гол болгон эмес.
Муну менен бишкектик команда тарыхта алгачкы ирет чемпиондукка жетти.
Өлкө мыктысын аныктаган чечүүчү оюн Арча-Бешик конушундагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда өткөн. 
Ал эми "BMG INT" клубу Ысык-Көлдүн "Мурас" командасын 4:3 эсебинде утуп, чемпионаттын коло байгесине татыды.