Радио

Кадыров: электромобилдер биздин жолдорго ылайыксыз

И. Раззаков атындагы КМТУнун доценти, техника илимдеринин кандидаты Эрмек Кадыров Кыргызстанга көбүнесе колдонулган электромобилдер келип жатканын айтты.
Sputnik
Электромобиль шаардын түз көчөлөрүнө ылайыкташкан автоунаа. Тилекке каршы, биздин жолдорубуз өр таяп, кайра ылдыйга түшүп отуруп, унаанын кубатын көп сарптайт. Мындай пикирин Эрмек Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, электромобилдерди шаарда көбөйтүү үчүн алгач мамлекет инфраструктуралык шарт түзүп берүүсү зарыл.
"Электромобилдер экологияга зыянын тийгизбей турган автомашиналар. Айдоочуларга унаанын бул түрүн сунуштоодо мамлекеттик деңгээлдеги программалар керек. Айталы, биринчи эле кубаттоочу жайларды ачуу зарыл. Анткени электромобилдерди бир жолу кубаттоо менен түз жолдо 200-300 чакырым гана жүрө аласың. Демек, алыска чыга албайсың деген сөз. Мындан сырткары, учурда бизге колдонулган, эски электромобилдер келүүдө. Себеби жаңыларынын наркы 20 миң доллардын тегерегинде. Биздин айдоочулар өлкөдө шарт жок болгон соң бул каражатка күйүүчү май менен жүрүүчү эле автоунаа алганды туура көрүшөт", — деди Кадыров.
Ал ошондой эле өлкөгө заводдон чыккан жаңы электромобилдерди алып келүүнү колго алуу зарылдыгын кошумчалады.