Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев дүйнө салды

Жакиев акыркы учурда ооруп жүргөнү айтылды. Ал 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев 85 жашында көз жумду. Кабарды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат катчысы Айнура Асанбаева тастыктады.
Анын айтымында, жазуучу бүгүн каза болду. Акыркы учурда ооруп жүргөн.
Согуштун балдары. Океев, Жакиев жана Байжиевдин таберик сүрөтү
Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.
Жакиев коомчулукка "Атанын тагдыры" аттуу драмасы менен таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.
Жакиевдин "Миң кыял", "Алтын аяк", "Өкүм", "Эртең – жаңы жыл", "Жолугушуу", "Күттүргөн жаз да келер", "Саадак какты", "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", "Жаза" жана башка драмалары бар. Мындан тышкары, бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган.
Бексултан Жакиевге эң даражалуу наам — Кыргыз Республикасынын Баатыры ыйгарылган.
Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы "Манас" ордени жана Даңк медалынын ээси болгон.