Борбордо Ленинград блокадасынын курмандыктарынын элесине бак отургузулду. Видео

"Эскерүү багы" эл аралык акциясынын алкагында Бишкектеги "Ынтымак" паркына бак отургузулду. Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарынын жаркын элесине арналып өткөрүлүп келет.
Sputnik
Иш-чарага ЖККУ, Россотрудничество, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, мамлекеттик органдардын, мектеп жана окуу жайлардын өкүлдөрү катышты. Ошондой эле блокадачылар келди.
Бишкекте Ленинград блокадасынын 80 жылдыгына арналып бак тигилди. Сүрөт
Блокада туура 872 күнгө, тагыраагы, 1941-жылдын 8-сентябрынан 1943-жылдын 27-январына чейин созулган. Бул адамзат тарыхындагы эң узакка созулган жана эң каардуу курчоо болгон. Ар кыл маалыматтар боюнча, андагы курмандыктардын саны 400 миңден 1,5 миллион кишиге чейин деп айтылып келет.
Ленинград блокадасынан Кыргызстанга эвакуациялангандар менен бирге 150 баланы Улуу Ата Мекендик согуш маалында Токтогон Алтыбасарова аттуу инсан багып-өстүргөнү маалым.