Бишкекте Ленинград блокадасынын 80 жылдыгына арналып бак тигилди. Сүрөт

"Эскерүү багы" акциясы былтыр старт алган. Анын уюштуруучусу "Жеңиштин ыктыярчылары" деп аталган бүткүл россиялык кыймыл.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Ынтымак" паркында бак отургузуу боюнча акция өттү. Иш-чара Ленинград блокадасынын башталышынын 80 жылдыгына арналды.
Ага ЖККУ, Россотрудничество, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, мамлекеттик органдардын, мектеп жана окуу жайлардын өкүлдөрү катышты. Ошондой эле блокадачылар келди.
1 / 9
Бишкек шаарындагы "Ынтымак" паркында бак отургузуу боюнча акция өттү.
2 / 9
Иш-чара Ленинград блокадасынын башталышынын 80 жылдыгына арналды.
3 / 9
Ага ЖККУ, Россотрудничество, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, мамлекеттик органдардын, мектеп жана окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.
4 / 9
Ошондой эле блокадачылар келди.
5 / 9
Россиянын элчилигинин коргоо маселелери боюнча атташеси Игорь Довбня сөз сүйлөдү.
6 / 9
Ошондой эле бак тиккени келгендерге ыраазычылык айтты.
7 / 9
Эл аралык "Эскерүү багы" акциясы 2020-жылы башталган. Анын уюштуруучусу "Жеңиштин ыктыярчылары" деп аталган бүткүл россиялык кыймыл.
8 / 9
Былтыр үч айда (март-июнь) Россиянын аймагы боюнча 27 миллион көчөт отургузулган.
9 / 9
Быйыл аталган акция эл аралык мүнөзгө өтүп, ал Кыргызстанга да келди.
Россиянын элчилигинин коргоо маселелери боюнча атташеси Игорь Довбня сөз сүйлөдү.
"Быйыл постсоветтик мейкиндикте биз трагедиялуу датаны — Улуу Ата Мекендик согуштун башталгандыгынын 80 жылдыгын, ошондой эле Ленинград блокадасынын 80 жылдыгын белгилеп жатабыз. Кыргыз жеринде СССРдин жалпы тарыхынын сакталып турганы кубандырат", — деди Довбня.
Ошондой эле бак тиккени келгендерге ыраазычылык айтты.
Жеңиштин 76 жылдыгына карата бак отургузулду. Бишкектеги сүрөттөр
Эл аралык "Эскерүү багы" акциясы 2020-жылы башталган. Анын уюштуруучусу "Жеңиштин ыктыярчылары" деп аталган бүткүл россиялык кыймыл. Былтыр үч айда (март-июнь) Россиянын аймагы боюнча 27 миллион көчөт отургузулган. Быйыл аталган акция эл аралык мүнөзгө өтүп, ал Кыргызстанга да келди.
Блокада туура 872 күнгө, тагыраагы, 1941-жылдын 8-сентябрынан 1943-жылдын 27-январына чейин созулган. Бул адамзат тарыхындагы эң узакка созулган жана эң каардуу курчоо болгон. Ар кыл маалыматтар боюнча, андагы курмандыктардын саны 400 миңден 1,5 миллион кишиге чейин деп айтылып келет.
Ленинград блокадасынан Кыргызстанга эвакуациялангандар менен бирге 150 баланы Улуу Ата Мекендик согуш маалында Токтогон Алтыбасарова аттуу инсан багып-өстүргөнү маалым