Баткенде "Салттуу музыка жумалыгы" жана "Достук" фестивалы аяктады. Сүрөт

Фестивалга кошуна Өзбекстан жана Кытай мамлекетинин да маданият өкүлдөрү катышты. Бүгүн гала-концерт тартууланды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Баткен шаарында өткөн "Салттуу музыка жумалыгы" жана "Достук" фестивалынын үчүнчү күнү улуттук кийимдер парадынан башталып, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен уланды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнө таянып жергиликтүү кабарчы билдирди.
1 / 6
Баткен шаарында өткөн "Салттуу музыка жумалыгы" жана "Достук" фестивалынын үчүнчү күнү улуттук кийимдер парадынан башталып, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен уланды.
2 / 6
23-апрелде башталган фестиваль үч күнгө созулду.
3 / 6
Ага катышкандар көрүүчүлөргө оозеки профессионалдуу музыкалык искусствонун айтуучулук, манасчылык, дастанчылык, акындык өнөр жана кол өнөрчүлүк багыттары боюнча талантын тартуулашты.
4 / 6
Фестивалдын гала-концерти өтүп, анда бир катар маданият кызматкерлерине министрликтин жана облустук өкүлчүлүктүн сыйлыктары ыйгарылды.
5 / 6
Белгилей кетсек, фестивалга кошуна Өзбекстан жана Кытай мамлекетинин да маданият өкүлдөрү катышты.
6 / 6
Баткен шаарында өткөн "Салттуу музыка жумалыгы" жана "Достук" фестивалы
23-апрелде башталган фестиваль үч күнгө созулду. Ага катышкандар көрүүчүлөргө оозеки профессионалдуу музыкалык искусствонун айтуучулук, манасчылык, дастанчылык, акындык өнөр жана кол өнөрчүлүк багыттары боюнча талантын тартуулашты.
Манас ааламы ыроологон касиет. Манасчы Бакчиевдин китеби тартууланды
Фестивалдын гала-концерти өтүп, анда бир катар маданият кызматкерлерине министрликтин жана облустук өкүлчүлүктүн сыйлыктары ыйгарылды.
Белгилей кетсек, фестивалга кошуна Өзбекстан жана Кытай мамлекетинин да маданият өкүлдөрү катышты.
Бул күнү облус башчысы Өмүрбек Суваналиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев менен жолугушту. Алар облус аймагындагы маданият мекемелеринин абалы, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, бул тармакты өнүктүрүү үчүн ар тараптуу колдоолорду көрсөтүү менен тыгыз иш алып барууну макулдашты.