Кошмо Штаттардын жылына 700 миллиард доллардан ашкан аскердик бюджети да ийгиликке кепилдик болбогону таң калычтуу. Адатта акчаны "армиянын булчуңу" деп коюшат, бирок аскердик жеңишти долларга сатып албасың анык. Аталган державанын ушул жагдайына аскерий серепчи Александр Хроленко баам салган.
АКШнын Эсеп палатасы соңку 20 жылдагы аймактык бир нече жаңжалдарга катышуудан улам америкалык куралдуу күчтөрдүн аскердик даярдыгы начарлап кеткенин айтып чыкты. Бирок акыркы 75 жылдагы (фашисттик Германияны 1945-жылдын май айындагы жалпы жеңиштен бери) үчүнчү өлкөлөрдөгү Пентагондун бардык согуштарын ийгиликсиз деп саноого болот.
Көзөмөлдөөчү мекеменин адистери потенциалдуу душмандардын күчтөнгөнүнөн улам АКШнын аскердик артыкчылыгынын жоголгонун белгилешет. Болгондо да аскердик ченемдин дээрлик ар биринде – деңизде да, аба мейкиндиги жана космосто да америкалык "үстөмдүк" басаңдап барат. Америкалык деңиз күчтөрүнүн жогорку даярдыгын калыптандырууда аналитиктер күчтөрдүн планетанын булуң-бурчуна жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнүн азайышын, техникалык тейлөөнүн кыйынчылыктары тоскоолдук жаратаарын айтышат.
Америкалык саясатчылар улуу державалар арасында Кошмо Штаттардын глобалдык лидерлигин сактап калуу үчүн куралдуу күчтөрдүн дараметин өстүрүүгө байма-бай үндөп келишет. Пентагондун бюджети жылына 700 млрд. доллардан ашканына көп болгон, бирок мындан деле майнап чыккан жок. Буга ашкере далил катары расмий түрдө согушка жарабайт деп табылган, анткен менен наркы асман чапчыган F-35 истребителин (1,5 трлн. доллар) мисал келтирсек болот. Россия менен Кытайды ооздуктоо үчүн кошумча 715 млрд. доллар абалды анчалык деле өзгөртүп жибербейт, себеби Москва жана Пекин коргоо тутумун акылга сыярлык жетиштүүлүк принцибинде куруп, куралдардын сапаттуу артыкчылыгына умтулушат. Маселен, SIPRI берген баа боюнча, Россия аскердик чыгымдары эң бийик өлкөлөрдүн төртүнчү сабында турат. Кандай болгон күндө да Москва Вашингтонго караганда бул багытка 10 эсе аз чыгымдайт. Кытайдын аскердик бюджети америкалык коргоо тутумуна бөлүнгөн каражаттан төрт эсеге аздык кылат.
Афган синдрому
АКШ жана НАТОнун аскердик контингенти Афганистандан чыгууга аргасыз. Анткени 2020-жылдын 29-февралында "Талибан"* террордук уюму менен түзүлгөн тынчтык келишиминин шарты ушундай. Анткен менен Афганистан ислам республикасынын планетадагы террорчулар жана жихадчылардын негизги эл аралык базасына айланып калуу кооптуулугу дале бар.
Пентагон дүрбөлөңгө түшүп кандайдыр бир компенсациялык чараларды ойлоп табууда, америкалык The New York Times басылмасы АКШ "өнөктөштөрү менен биргеликте Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстанга күчтөрдү жеткирүүнү талкуулап жатканын" маалымдады.
Тийиштүү эл аралык макулдашуулар кабыл алынса (ишке ашары арсар), мындан ары окуялар кандай нук аларын болжош кыйын деле эмес. Эгер америкалыктар Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагынан Афганистандагы талибдердин жана "Аль-Каида"* отряддарына чабуул коё турган болсо, анда ал жактагы согушкерлер аталган чөлкөмдөгү АКШ жана НАТОнун авиабазалары жайгашкан жерлерге "жихад" уюштурары турулуу иш.
Афган тектүү австралиялык профессор Амин Сайкал 21-апрелде ASPI Strategist сайтында кызыктуу ойлорун жарыялады. "Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Кошмо Штаттар өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жүргүзгөн дээрлик бардык согуштарда утулду. Бул көрүнүш дүйнөлүк державанын ассиметриялык жаңжалдарды чечүүгө жөндөмсүздүк трагедиясын айгинелейт. Алардын акыркысы – АКШ баштапкы максаттарына жетпей туруп баш тарткан 20 жылга созулган Афганистандагы согуш. Мындай кадамдын Афганистан, чөлкөм жана НАТОнун кадыр-баркына болуп көрбөгөндөй оор кесепетин тийгизерин белгилебей коюуга болбойт", – дейт ал. Чындап эле америкалыктар террорчу-талибдерди тизе бүктүрө алган жок, 2001-жылы убада кылышкандай Афганистанды туруктуу, коопсуз жана өнүккөн демократияга айландыра алышпады. Кудум кезегинде Түштүк Вьетнам менен Иракты калтырышкандай өздөрүнөн кийин талкаланган, ээн өлкөдөн аскердик күчтөрүн чыгарып кетишмекчи.
Профессор Сайкал Кошмо Штаттар жана алардын союздаштары 3502 аскер кызматкеринен ажырап (алардын ичинен 2300ү – америкалыктар), миңдеген жоокерлери жаракат алып, бул согушка 2 триллион доллар сарпталганын эскертти. Афган элинин жоготуулары да алда канча көп, жыйырма жыл аралыгында жай тургундар, аскер жана полиция кызматкерлеринин арасынан набыт болгондордун саны 100 миңден ашкан. Бирок тарыхтан сабак алышпайт өңдөнөт, бүгүн Вашингтон аскердик каражаттары менен Москва жана Пекинди "ооздуктоого" ниеткер.
"Акылга сыйбаган" саясат
РФтин коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, АКШ менен НАТО Россиянын европалык бөлүгүндөгү чек араларга жакын өз күчтөрүн жайгаштырууда. Негизги күчтөр Кара деңиз жана Балтия чөлкөмүнө топтоштурулган, жалпы 40 миң чакты чет элдик жоокер жана 15 миңдин тегерегиндеги курал жана стратегиялык бомбалоочулар менен кошо аскердик техника алып келинген. Мындай жагдайды РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров "акылга сыйбаган" саясат деп баалаган.
Окумуштуу жана президент Рональд Рейгандын тышкы иштер маселелери боюнча жардамчысы Дуг Бэндоу 20-апрелде америкалык белдүү басылмалардын бири – The American Spectator журналына: "АКШ "баш-аягы жок" бир нече согушка катышты, бири да өлкөгө экзистенциялык коркунуч туудурган эмес. Касташкан тараптардын бири да жакшы даярдыктан өткөн конвенциялык куралдуу күчү жана кеңири өзөктүк дарамети бар Россиядай олуттуу аскердик держава боло алган эмес" - деп билдирди.
Москва өз чек араларында, постсоветтик мейкиндикте касташкан мамлекеттердин "экзистенциялык" орун алышына эч качан жол бербейт. Россия согуштук коркунучтарды жоюу үчүн майнаптуу инструменттерге ээ. Бүгүнкү күндө Украина менен чек арасында Россия тегин жерден машыгуулар үчүн Россиянын "конвенциялык аскердик бөлүктөрү, атап айтканда 100 000 аскер кызматкери, 1300 танк жана артиллериялык курал, 380 ракеталык орнотмо жана 3700 учкучсуз аппарат тегин жерден топтолбоду". Белгилей кетсек, The American Spectator басылмасындагы айтылгандар көбүртүп-жабыртылса да маңызы так. Россиялык күчтөрдүн жогорку технологиялык куралдары менен болжолдуу жаңжалда Пентагон менен НАТО Украинада катуу жеңилет. Анан калса мындай көрүнүш Афганистандагыдан кыйла тез болуп кетиши мүмкүн. Ал эми "өнөктөштөр" тактикалык өзөктүк куралды пайдалана турган болсо, РФ тараптан гипер үндүү ылдамдыктагы "жооп" алары ажеп эмес. Айтылуу Америка "артыкчылыктарын туура аныктап алганы" оң.
The American Spectator белгилегендей, Түндүк атлантикалык альянстын негизги максаты – кайрымдуулук эмес, коопсуздук. Анда өзөктүк держава менен тиреше турган өлкөлөр болбоого тийиш: "Украинанын айынан өзөктүк держава менен толук чечкиндүүлүк менен кармашууга арзыбайт".
* – бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюмдар.