Жогорку маданияттын уюткусу Питер кыргызстандыктын көзү менен. 15 ирмем

Sputnik

Фотокабарчыны Питердеги "Мен бул жерде жашайм" деп аталган эл аралык сүрөт көргөзмөгө өзүнүн эмгектери тууралуу айтып берүү үчүн чакырышкан. Башкысы, алар Эрмитажга коюлган эле.

Дүйнөгө башкача көз караш менен сереп салган фотограф эски шаардын архитектуралык өзгөчөлүктөрүн тарта келген.

Кыргызстандыктар Табылды тарткан эмгектерди суктануу менен көрө алат. Эгерде адам баам салып үңүлө карабаса, адаттан тыш бул курулуштарды элес албай деле өтүп кетиши мүмкүн. Биздин окурмандарды төмөнкү жайларды кунт коюп карап чыгууга чакырабыз.

1 / 15
Петропавлов чеби — уникалдуу аскердик, тарыхый жана архитектуралык эстелик. Петр I ылайыктуу жерди караштырып жүрүп, дал ушул аймактан тапкан. Чеп 1703-жылы май айында түшкөн.
2 / 15
Сарай аянты — Санкт-Петербургдагы башкы аянт, дүйнөнүн эң кооз жайларынын бири. Бул жерден Кышкы сарай, Башкы штабдын имараты, Гвардиялык корпустун штабы болгон. Александр колонналары көз жоосун алат.
3 / 15
Петропавлов чеби Түндүк согуш учурунда Швециядан алынган жерлерди коргоп калуу максатында түптөлгөн
4 / 15
Екатерина багы — Санкт-Петербургдагы атактуу скверлердин бири. Анын борборун Екатерина IIнин монументи көркүнө чыгарып турат. Бул жер шаардыктар көп келген жайлардын катарында.
5 / 15
"Таштанды ыргытпа!" деген чакырык таштаган экспонат
6 / 15
Гүл көтөргөн кыз. Санкт-Петербургдагы бул жээк арзышкандардын сүйүктүү жайы.
7 / 15
Мойка дарыясы аркылуу Санкт-Петербургга өткөн көпүрө. Байыркылар Мья деп аташкан. Фин тилинен которгондо "баткак" дегенди билдирет экен. Бир учурда анын жээгинде мончолор жайгашкандыктан Мойка аталып калган дешет.
8 / 15
"Воскресения Христово" деп аталган храм Санкт-Петербургдагы эң көрктүү жайлардын бири. Бул мемориалдык храм-музей россиялык император Александр IIге кол салынган жерде турат. Соборго 1 600 киши сыят.
9 / 15
Шаардын сакталып калган байыркы имараттары азыркыга чейин, өзгөчө, тарыхый фильмдерди тартууда кызыгуу жаратып келет
10 / 15
Башкы адмиралтейство - порттогу согуштук кемелерди жасай турган жана аларды ремонттой турган орун болгон. Ал Неванын жээгине курулган. Имарат түндүк борбордун эң кооз эстеликтеринин бири. Анын курулушунун эскизин 1704-жылы Петр I берип, башталган дешет.
11 / 15
Санкт-Петербург өзгөчө обликтеги, туристтерди тартып турган башкача шаар. Бул калаада маданияттын жогорку деңгээли сакталып калган деп бекеринен айтылбайт.
12 / 15
Эрмитаж — Елизавета учурунда түптөлгөн музей-комплекс. Живопись, скульптура, декоративдик-көркөм өнөр искусствосунун коллекцияларынын негизи Екатерина IIнин учурунда топтолгон.
13 / 15
Комплексте Сарай аянтынын тарыхый имараты — Кышкы сарай, Меньшиков сарайы, Башкы штабдын имараты ж.б. бар.
14 / 15
Кышкы сарай — Романовдордун параддык резиденциясы, азыркы Эрмитажды калыптандырган. Санкт-Петербургда императрица Елизаветанын буйругу менен XVIII кылымдардын ортосунда курулган.
15 / 15
Нева проспекти — Санкт-Петербургдагы эң байыркы көчөлөрдүн бири. Бул жерде азыр да көп салтанаттар өтүп турат жана туристтердин аягы үзүлбөгөн аймак.